Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Байсалов: Кыргызстан Starlink спутник системасына лицензия берүүгө даяр


Өкмөт тараткан сүрөт.
Өкмөт тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте америкалык SpaceX компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда Кыргызстанда Starlink жасалма жандоочтук (сателлиттик) интернет системасын колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

"Тараптар Starlink технологиясы аркылуу негизинен алыскы аймактардагы мамлекеттик мекемелерди жана мектептерди интернет менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Жолугушуунун соңунда Байсалов Кыргызстан Starlink системасына лицензия берүүгө даяр экенин билдирди", - деп жазылган маалыматта.

SpaceX компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга мындан туура эки жыл мурда дагы келген эле. Анда Санарип өнүктүрүү министрлиги өлкөнүн алыскы аймактарына интернет жеткирүү маселелери талкууланганын билдирген.

Америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген SpaceX компаниясы жакынкы болочокто бүткүл жер жүзүн интернет желеси менен камсыздоону максат кылары айтылган. Буга байланыштуу Starlink долбоорун баштаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG