Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:00

Энергетика тармагына жарым жылда 11,3 миллиард сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда энергетика тармагын каржылоого соңку алты айда 11,3 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу 20-июлда финансы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн жыйында билдирди.

Ага ылайык, энергосекторду капиталдаштырууга 5,4 миллиард сом, күз-кыш мезгилине даярдыкка 5,3 миллиард сом, Камбар-Ата ГЭСин курууга 416,3 миллион сом, ал эми "Бала-Саруу" чакан ГЭСин курууга 225 милион сом берилди.

Бул жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган. Эгер мындай чара көрүлбөсө, энергетика тармагындагы таңкыстык оорлошот деп эскерткен.

"Өзгөчө кырдаал режимин президенттин жарлыгы менен жарыялоону сунуштайм. Быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 миллиард кВт/саат болсо, кийинки жылдары дагы өсөт. Мисалы, 2023-жылы 17 миллиард 200 миң кВт/саат болсо, 2026-жылы 19 миллиард кВт/саатка чейин жетет. Дефицит 5-6 милилард кВт/саатка барып калышы мүмкүн", - деди Ибраев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул сунушту колдоп, президенттин жарлыгынын долбоорун чукул даярдоого тапшырма берди.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG