Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Санкциялык чектөөнүн бузулушу: Киев Бишкектен түшүндүрмө сурады


Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов санкциялык чектөөлөрдүн бузулушуна байланыштуу 20-июлда аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Министрлик тараткан маалыматта элчи Кыргызстанда Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө жол берилгени тууралуу маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн чакыртылган деп айтылат.

"Дипломатка Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Орусияга каршы эл аралык санкциялык саясатты сактооого жоопкерчиликтүү мамиле жасалышы керектиги айтылды. Кыргызстандан аскердик техникаларды жабдууга колдонулуучу товарларды Орусияга реэкспорт кылуу Москванын Киевге каршы согушуна колдоо көрсөтүү катары кабылданары белгиленди", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салганы белгилүү болгон.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилди.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдып турган”, - деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга кошумча АКШ Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

20-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү Бишкекте былтыр ачылган RM Design and Development ишканасы жана “ГТМЕ Технологии” жабык акционердик коому Кыргызстандан Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга туш болгон микрочиптерди жөнөтүп жатканын көрсөттү. RM Design and Development компаниясынын кожоюндары бул товарлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. “ГТМЕ Технологии” ишканасынын жетекчилиги “коммерциялык сыр” деген жүйө менен Орусияга жөнөтүлгөн микрочиптер тууралуу маалымат берген жок.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG