Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Сот Дональд Трамптын иши боюнча териштирүү күнүн аныктады


АКШнын 45-президенти Дональд Трамп.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка коюлган "жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган» деген кине боюнча сот процесси 2024-жылы 20-майда башталат. Мындай чечимди АКШнын округдук (Флорида штаты, Форт-Пирс шаары) судьясы Эйлин Кэннон 21-июлда чыгарганын Reuters агенттиги жазып чыкты.

Трамптын адвокаттары бул күнгө каршы чыгып, кайсы гана сот процесси болбосун, 2024-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоодон кийин өтүшү керектигин айтып келишкен.

Соттун бул чечиминен кийин экс-президенттин өкүлү соттук териштирүүнүн мындай графиги Трамка жана анын юристтерине кылмыш ишине тергөөгө каршы күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк берерин айтты. Ал эми АКШнын атайын прокурору Жек Смиттин кеңсесинин өкүлү комментарий берүүдөн баш тартты.

"Президенттик кызматтан кетип жаткан учурда улуттук коопсуздукка тиешеси бар документтерди мыйзамсыз сактаган" деген айып Трампка быйыл 8-июнда коюлган. Ал күнөөсү жок экенин айтып келе жатат.

Мурдагы башчы азыр 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу өнөктүгүн жүргүзүп жатат.

Быйыл 9-майда АКШда арачылар соту Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп таап, журналист жана жазуучу Жин Кэрроллго беш миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG