Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Милиция Ысык-Көлдө өспүрүм уурдалган окуя иликтенип жатканын билдирди


Кыргызстан, Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан, Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде уурдалды деген өспүрүм ошол эле күнү аман-эсен табылып, апасына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу бүгүн 22-июлда “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 20-июлда болгон. Милицияга кайрылган аял анын уулун Бостори айылындагы эс алуу жайларынын биринде көл жээгинен уурдап кетишкенин айткан. Издөө иштеринин натыйжасында бала ошол эле күнү кечинде Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылган.

Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (“Адам уурдоо”) негизинде иликтене баштады.

Айрым маалымат булактары бала 12 жашта экенин, аны уурдагандар апасынан 300 доллар талап кылышканын жазып жатышат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG