Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Украинада "РИА Новости" агенттигинин кабарчысы каза тапты


Ростислав Журавлев
Ростислав Журавлев

Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" маалымат агенттигинин кабарчысы Ростислав Журавлев 22-июль күнү Украинада каза тапты. Бул жөнүндө "РИА Новости" агенттигине шилтеме берүү менен "Свобода" радиосу жазды.

Агенттик тараткан маалыматта Журавлев "согуш талаасында украиналыктардын огунан көз жумган". Ок атышуу Запорожье облусундагы Пятихатка калктуу пунктунда болгон. Июнь айынын башынан бери бул айылды алуу үчүн айыгышкан согуш жүрүүдө. Буга чейин украин тарап айылды ээлегени маалымдалган.

Агенттик Журавлев менен кошо фотокабарчы Константин Михальчевский да жараат алганын кошумчалады.

Орусиянын Журналисттер союзу "Известия" басылмасынын кабарчысы жана оператору Роман Польшаков менен Дмитрий Шиков дагы жарадар болгонун билдирди. ТАСС жана "Россия" телеканалдарынын кабарчылары ок атышууда калып калганы кабарланды.

Журавлев "Нежурка" Телеграм каналын алып барып, Украинадагы согушту чагылдырып келген. 2014-жылы Крымды аннексиялоого жана Донбасстагы согушка жикчилдердин катарында катышкан.

Согуш башталгандан бери ондогон журналист, блоггерлер ажал тапты. Орусиянын ракеталык чабуулунан өткөн жылы "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Вера Гирич көз жумган. Ага чейин украиналык фотограф Максим Левин орус аскерлеринин колунан каза тапкан. Киевди аткылоо учурунда орусиялык оппозициячыл журналист Оксана Баулина өмүр менен кош айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG