Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Баку - Бишкек - Баку түз аба каттамы ишке киришти


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Баку - Бишкек багыты боюнча алгачкы рейс жекшемби күнү Эл аралык "Манас" аэропортуна келип конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан 23-июлда "Азаттыкка" билдиришти.

Буга чейин “Азербайжан аба жолдору” (AZAL) 15-июлдан тарта Бишкекке жана кайра артка жумасына бир ирет каттап турары айтылган. Ушул тапта аталган багыттар боюнча билеттер AZAL авикомпаниясынын сайтында сатылууда.

Эки өлкөнүн ортосундагы түз авиакаттам ачуу демилгеси азери президенти Илхам Алиевдин былтыр октябрь айында Кыргызстанга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында көтөрүлгөн.

Иш сапардын жүрүшүндө "экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу максатында Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү, Бишкек - Баку түз авиакаттамын ачып, андан ары Европа өлкөлөрүнө чыгуу" тууралуу да сөз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG