Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

Ысык-Көл облусунун башчысы жээктеги тосмонун баары алынганын айтты


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдө жээкти тосуп алган эс алуу жайларынын баарынын тосмолору алынып бүттү. Бул тууралуу облустук администрация билдирди. 20-июлда өкмөттүн жарым жылдыктын жыйынтыгын талкуулаган жыйынында сүйлөп жатып президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукутуу өкүлү Илияз Иманбетов:

“Ысык-Көлдүн пляж аймагында жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолорду жеринде демонтаждоо иши башталган. Облус боюнча жалпы 117 эс алуу жайынын көл жээгинде тосмосу бар болсо, бүгүнкү күнгө карата баары демонтаждалды жана жарандардын пляж аймагына эркин кирүүсү камсыз кылынды”, - деп айтты.

Иманбетовдун айтымында, жалпысынан Ысык-Көл жээгинде 1127 рекреациялык объект бар. Аларга туристтик мезгилге даярдык паспорт берүү иши башталып, бүгүнкү күндө 77сине берилди.

Бир ай мурда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундарынын көл жээгине тоскоолдуксуз кирүүсү жөнүндөгү бир жыл мурун чыгарган жарлыгына өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, Ысык-Көлдүн жээгине адамдардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолор (дубал, торчо, темир торлор) алынары жана аларды мындан ары курууга тыюу салынары айтылган.

Көлдүн жээгинен ары-бери өткөндө пансионаттардын күзөтчүлөрү менен жергиликтүүлөр ортосунда чатак чыгып, тосмолор талкаланган учурлар болгон. Тургундар көлдүн жээгине ээн-эркин кире албай калганына даттанган учурлар бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG