Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Садыр Жапаров кыргыз тил мыйзамы тууралуу Лавровдун сынына жооп берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жакында эле кабыл алынган кыргыз тил мыйзамы тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде бул мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбастыгын айтты. Өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонуларына ишендиргенге аракет кылды.

"Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул ченем баш мыйзамда да бар. Бул ченем кала берет. Мугалимдер менен дарыгерлерге тиешеси жок. Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп жатабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи", - деди Жапаров.

Сергей Лавров 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда Кыргызстанда кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынышын сындаган эле. Анда расмий Бишкекти мамлекеттик кызматкерлердин баарын кыргыз тилин билүүгө милдеттендирүү "демократиялуу кадам" эмес экенин бир канча жолу эскерткенбиз деп, орус тили "басмырлоого" кабылып жатканын билдирген.

"Борбор Азияда мыйзамдарды тез өзгөртүп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл алынган. Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирген жобону айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуу тили бойдон калганына карабай, орус тили жалпысынан Украинадагыдай, Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй басмырлоого кабылып жатат", - деген эле Лавров.

17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон болчу. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG