Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Ооганстанда жаандын кесепетинен 30дан ашык киши каза болду


Майдан Вардак провинциясынан тартылган сүрөт.
Майдан Вардак провинциясынан тартылган сүрөт.

"Талибан" бийлиги Ооганстанда акыркы үч күндүк нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 31 адам каза болуп, 74 киши жараат алганын билдирди.

Бул тууралуу 23-июлда маалымдаган "Талибан" курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүндүгүн, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери жана кеминде 604 үй зыян тартканын белгиледи.

Өкмөттүн өкүлү Шафиулла Рахими курман болгондордун көбү Майдан Вардак провинциясында экенин билдирип, Кабул жана Гилмендде да сел коркунучу бар экенин эскертти.

"Азаттыктын" ооган кызматы жергиликтүү тургундарга таянып, айрым кишилерди сел агызып кеткенин, алар табылбай жатканын жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG