Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Мэрия жарактан чыккан 300 эски автобусту сатты


Жарактан чыккан автобустар.
Жарактан чыккан автобустар.

Бишкек мэриясы “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын” базасында газ менен жүрүүчү жаңы автобустарга орун даярдалып жатканын кабарлады. Ишканадагы 300 эски "Ясин" автобустары сатылды.

Ошондой эле Исакеев көчөсүндөгү жеңил курулманы бузуу иштери жүрүп жатат. Ал бузулса, ишкананын аймагы 1,7 га кеңейет. Автопарк таштандыдан тазалангандан кийин асфальт төшөлүп, тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станция курулуп жатат. Ал ноябрь айында бүтөт.

Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине күтүүсүз барып текшергенде, эски автобустарды металл сыныгына чыгарып, жаңы автобустарга орун даярдоо тапшырмасын берген.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG