Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Кызмат маалында каза тапкан прокурорго берилчү кенемте азайды


Башкы прокуратуранын имараты, архивдик сүрөт.
Башкы прокуратуранын имараты, архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда "Прокуратура тууралуу" конституциялык мыйзамды өзгөртүү мыйзамына кол койду. Ага ылайык, кызмат учурунда каза болгон прокуратура кызматкерлерине берилчү кенемтенин көлөмү кыйла кыскарды.

Буга чейинки мыйзамга ылайык, прокурор жана тергөөчү иш учурунда каза болгон маалда анын үй-бүлөсүнө кызматкердин 20 жылдык эмгек акысына тең кенемте төлөнүп келген.

Жаңы мыйзамда болсо маркумдун жакындарына кызматкердин 20 айлык эмгек акысына тете кенемте берүү каралган.

Ошондой эле кызматкер I топтогу майып болуп калса, мурда 10 жылдык эмгек акысы төлөнчү, жаңы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, мындан ары 10 айлык маянасы топтолуп бир берилет.

II топтогу майып болуп калган кызматкер буга чейин 8 жылдык маянасын алса, эми 8 айлык маянасын чогултуп жөлөкпул катары алат. III топтогу майып болуп калган укук коргоо кызматкерге 5 жылдык маянанын ордуна 5 айлык маянасы колуна тийет.

Май айында парламенттин тармактык комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү тууралуу өкмөттүн сунушун колдогон жана бул коомчулукта талаш-талкуу жараткан эле. Жанузаков былтыр июлда жол кырсыгынан каза болгон.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн эле. Маселе коомчулукта да талкууланып, социалдык тармактын колдонуучулары да кенемтенин суммасы көп экенин жазып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 17-майда мамлекет башчы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда каза болгондо төлөнө турган кенемте боюнча маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын бергенин маалымдаган. Фейсбуктагы баракчасына жазган постунда ал “компенсациянын суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай” болушу керектигин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG