Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Ат-Башы: салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекетинде иштегендер кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Ат-Башы" салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекетинде Кытайдан жүк ташыган машиналардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталганын билдирди. Буга байланыштуу бир канча адам кармалып, тергөө абагына киргизилгенин маалымдады.

"Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылындагы салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекетиндеги кызмат адамдары мыйзамда белгиленген ченемдерди кыйгап өтүп, оор жүк ташыган машиналардын айдоочуларынан 500 сомдон 3 миң сомго чейин акча алып, белгиленген өлчөмдөгү салмактан ашып кеткен фактыларды жашырышкан жана айып төлөөдөн качууга жардам берип келген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттун чечими менен бул фактыларга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул фактыга башка адамдардын катыштыгы бар экенин аныктоо үчүн тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин, 20-июлда өкмөттүн жыйынында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекеттерин текшерүү күчөтүлгөнүн билдирген эле. Анын негизинде жыл башынан бери тартип бузуулар былтыркы жылга салыштырмалуу үч эсе көп катталганын айткан.

"Катталган тартип бузууларга байланыштуу протоколдор түзүлүп, 12 миллион сомдук айып пул салынган. Жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жыйым 2022-жылдын алты айына (4 миллион сом) салыштырмалуу үч эсе көп салынган. Сосновка жана Кара-Көл бекеттеринде көзөмөлдү күчөтүү үчүн видеокамералар орнотулуп, алты айдын жыйынтыгы менен былтыркыга салыштырмалуу жалпы жыйым 49%га өсүп, 85 миллион сомду түздү", - деген эле Текебаев.

Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-габаритти көзөмөлдөөчү 20дан ашык бекет бар.

Буга чейин быйылкы жылдан тартып өлкөдө оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык факторду толугу менен жоюу пландалып жатканы айтылган эле. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.

Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, ченемдерди сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жууп, жемкорлук орногону айтылып келет.

Аталган министрлик Кыргызстанда 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG