Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Ош: үйгө деп акча берип, алданып калганын айткандар милиция бөлүмүнө чогулду


Ош. Милиция бөлүмүнүн алдына чогулгандар. 25-июль, 2023-жыл
Ош. Милиция бөлүмүнүн алдына чогулгандар. 25-июль, 2023-жыл

Үй алам деп акчасын берип, ара жолдо калганын айткан 30дай киши 25-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура бөлүмүнүн алдына чогулушту.

Алар "Бириккен Араб өкүлчүлүгү" деп аталган уюмга алданганын билдирип жатышат. Акчаны кайтарып берүү тууралуу милицияга арыз жазышканын "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди.

Нааразы болгондор былтыркы жылдан бери өздөрүн аталган уюмдун ишенимдүү өкүлдөрү катары тааныштырган үч кишиге акча беришкенин маалымдашты. Уюмдун өкүлдөрү колу жука, көп балалуу үй-бүлөлөргө турак жайдан жардам беребиз деп акча чогултушканын кошумчалашты.

Алардын айтымында, алдангандардын саны 100гө чукул, 500 миң сомдон 3,5 миллион сомго чейин каражат бергендер бар.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Абсаттар Тавакалов бул иш боюнча 19-июлда жергиликтүү аял кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгонун, ал шаардык соттун чечими менен үй камагына чыгарылганын "Азаттыкка" кабарлады.

Тавакаловдун билдирүүсүндө, кийинчерээк дагы эки жаран кармалып, азыр тергөө жүрүп жатат жана алданып калдык деп арыз жазгандардын саны көбөйүүдө.

Жалпы канча адам алданганы жана келтирилген зыяндын суммасы азырынча белгисиз.

Шектүү тарап жана алардын уюму тараптан комментарий боло элек. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG