Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Грекиянын Корфу аралынан 2500дөй киши эвакуацияланды


Корфу аралы
Корфу аралы

Токойдогу өрттөн улам Грекия бийлиги Корфу аралынынан 2500дөй кишини коопсуз жакка көчүрдү. Бул тууралуу Өрткө каршы кызматы 24-июлда кабарлап, аталган аймакта жагдай олуттуу экенин билдирди.

Бир күн мурун Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланган. Арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар. Өткөн аптадан бери ал жактагы токойду ири өрт каптап жатат.

Климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргоо министрлиги элдин көчүрүлүшүн "токойдогу өрткө байланыштуу эң чоң эвакуация" деп атаган.

Жеринде ондогон өрт өчүрүү техникасы, жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат. Түркиядан жана Хорватиядан да адистер жардамга барган.

Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болорун буга чейин эскертип, Испания, Италия жана Грекияда адаттан тыш аптап өкүм сүрүп жатканы кабарланган.

Июлдун ортосунда Испаниянын Атлантикадагы Пальма аралында токойдогу өрттөн улам 4 миңге жакын киши эвакуацияланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG