Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташылып келе баштады


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек шаардык жылуулук борборуна (ЖЭБ) Казакстандын Шубаркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы ташылып келди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

"Жылытуу мезгилинде Бишкектин ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө Шубаркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы, жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келди. “Инновациялык Гефест” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү тууралуу келишим түзүлгөн. Ага ылайык, калориясы 5500 ккал/кг кем эмес болушу керек. Көмүрдүн кийинки партиясы, 48 вагон жакынкы күндөрү жеткирилет. 550 миң тонна көмүрдү жеткирүү жадыбал менен март айына чейин созулат. Мындан тышкары Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу тууралуу келишимдер түзүлгөн", - деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын апрель айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шаардагы ыш көйгөйүнөн улам Бишкек ЖЭБин 100 % газга өткөрүү пландалып жатканын айткан.

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү маселесин буга чейин шаар депутаттары да көтөрүшкөн. Ишкананын жетекчилиги андай болсо ЖЭБ иштеп чыккан жылуулук жана электр энергиясынын баасы 30-40% жогорулашы ыктымал экенин эскерткен.

Соңку жылдары кышкысын Бишкектин үстүн боз түтүн, ыш каптаган күндөр көп боло баштады. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, жеке сектордогу мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG