Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:54

Дайырбек Орунбеков чек арадагы соңку чыр кандайча тутанганын айтты


Баткен облусу. Исфарага бараткан жол. Архив
Баткен облусу. Исфарага бараткан жол. Архив

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 24-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр кантип тутанганы тууралуу маалымат берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына жаңжалда үч кыргыз жараны сабалганын, анын алдында мас абалындагы бир кыргыз жараны тажикстандык тургундун машинасынын айнектерин талкалап салганын жазды.

"Кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Аксай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Аксай айылы аркылуу тогуз машина (ЗАГС) келе жаткан. Ошол учурда Кыргызстандын жараны, Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин үч жаранды сабаган. Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жолдогу коопсуздук күчөтүлдү", - деп жазды Орунбеков.

Бирок Орунбеков Фейсбуктагы бул билдирүүсүн көп өтпөй алып салды жана анын себебин түшүндүргөн жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган эле.

Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип өткөндө, Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканын билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлаган эле.

Тажикстан бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Өткөн жумада Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында кыргыз-тажик чек арасында соңку жарым жыл ичинде бир дагы чыр-чатак катталбаганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG