Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Кыргызстанда бюджеттик каражатка тендер өткөрүлбөй турган болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бюджеттик каражаттын эсебинен мамлекеттик сатып алууларда мындан ары тендер өткөрүлбөйт. Президент Садыр Жапаров мындай өзгөртүүлөр киргизилген мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга 25-июлда кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.

Маалыматта документ мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыкканы айтылат. Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, тендер боюнча бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Президент кол койгон документ менен 13 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.

Мамлекеттик сатып алуулар порталы 2015-жылы иштеп баштаган. Мамлекеттик мекемелер сатып алуу, кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен интернет порталдан жүргүзүп келген. Ушул тапта порталга катталган 4200дөн ашык сатып алуучу, аларга кызмат көрсөткөн 30 миңден ашык компания бар.

Иликтөөчү журналисттер аталган порталдагы маалыматтарды иргеп, коррупциялык көрүнүштөрдү, кызыкчылыктар кагылышын аныктап келишкен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG