Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Министрлик: дары-дармек сатып алууга өткөн айда 1 млрд сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн өткөн айда 1 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди. Бул тууралуу министрликтин 25-июлда жарым жылдык иши тууралуу жыйынында айтылды.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров бул ишканага бөлүнгөн каражат убагында берилбей жатканын сынга алган. Мындан улам "Кыргызфармация" толук иштей албай жатканын, заводдор менен жаңы келишимдерди түзүү шарты болбогонун билдирген.

“Эгер казынада акча жок болсо, мен дагы түшүнүү менен мамиле кылмакмын, бирок бош акча каражаттары бар да, биз аны алгач ушул мамлекеттик ишканага бөлүп берүүнү пландаганбыз. Эмне үчүн сиздер тоскоолдук кылып, алардын нормалдуу иш башташына жол бербей жатасыздар? Алар жети гана дары чыгаруучу завод менен келишим түзүшүп, муктаждыкты 10% гана жапты, бирок тапшырма 100% деп берилген. Бирок ошондо да үнөмдөө 115 миллион сомду түзөт. Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 миллиард сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет”, - деген эле Жапаров.

Бул ишкана ушул жылдын май айында түзүлгөн жана өкмөттөн ага 30 миллион сомдук насыя берилген.

Компания мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары-дармек жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат деп айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG