Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Лейлекте аткезчилик менен эт ташыган Тажикстандын жараны кармалды


Баткен облусунун милициясы тараткан сүрөт. 26-июль. 2023-жыл
Баткен облусунун милициясы тараткан сүрөт. 26-июль. 2023-жыл

Тажикстандын Кожент шаарынын 30 жаштагы тургуну Баткен облусунда аткезчилик менен кармалды.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

ОИИБнын маалыматында кармалган адам 23-июлда таңга жуук Лейлек райондагы Жаңы-Жер айыл аймагынан алган 700 кг койдун этин Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) жана 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголуп, атайын кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Кылмышка шектүү тажик жараны убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короосуна токтотулду.

Өткөн аптада ушул эле аймактан Тажикстандын 51 жаштагы дагы бир тургуну дары-дармектерди аткезчилик менен алып кирип жактан учурда кармалган.

20-июлда өкмөттүн биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгына арналган отурумунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек аралардагы аткезчилик маселесине токтолгон.

Анда УКМК төрагасы Баткенде күйүүчү жана майлоочу майлардын аткезчилиги 100 пайыз токтогонун, жыл башынан бери 2952 аткезчилик учур катталып, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп экенин, казынага келтирилген зыяндын көлөмү 595 млн. сомго жакын болуп, бюджетке кошумча 308 млн. сом өндүрүлгөнүн билдирген.

2021-жылы Баткенде 29-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. (JsA)

XS
SM
MD
LG