Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Ленин округундагы кайра шайлоо: тогуз адам БШКга арыз берди


БШК.
БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн 26-июлга карата тогуз адам арыз берди.

Алар: Эртай Искаков, Аскар Алмаз уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнев, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев жана Токтогул Какчакеев.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган парламенттин экс-депутаты Жаныбек Абиров бул округдагы кайра шайлоого катыша албай турганын билдирген.

Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин бири Эртай Искаков аталган округдан буга чейинки дагы шайлоого катышкан. Ал Бишкектеги таза суу берилишин талап кылып акцияга чыкканына байланыштуу 116-июлда камалган жана сот аны эки айга камакта калтырган.

Аскар Алмаз уулу былтыр жазында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоого катышып, үчүнчү орунда келген. Анын аты соңку парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамга байланыштуу аталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Рустам Жапаров парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыккан. Анда президенттин уулу "Эл үмүтү" социалдык саясий партиясын сүрөп жатканын билдирген. Аскар Алмаз уулу партиянын Рустам Жапаров менен байланышы жок экенин айткан.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганы айтылган.

Боршайком 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30 %тан көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG