Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Төө-Ашуудагы тоннель күнүгө 10 сааттан жабыла башталды


Төө-Ашуудагы тоннель, архивдик сүрөт.
Төө-Ашуудагы тоннель, архивдик сүрөт.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоо иштерине байланыштуу 26-июлдан тартып 6-августка чейин күнүгө 10 саатка жабуу башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу машиналар түнкү саат 3төн тартып күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машиналар үчүн жол эртең мененки саат 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот.

Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткан машиналар болсо ушул эле убактарда жолдун 144 чакырымында (Суусамыр өрөөнүндө) токтотулат.

Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Айрым учурда тыгындар дагы пайда болгон. Өткөн айда тоннелди суу каптаган эле.

Аталган министрлик май айында быйыл тоннель толугу менен оңдолорун, жолуна асфальт төшөлөрүн билдирген.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы аны Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG