Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

IRI: Жумушсуздук жана баалардын жогорулашы негизги көйгөй деп аталды


Бишкек. Жумуш издеп көчө боюнда отургандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Жумуш издеп көчө боюнда отургандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда адамдар жумушсуздук жана баалардын жогорулап кетишин негизги көйгөй деп эсептейт. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) сурамжылоосунда айтылат.

Уюм ушул жылдын 5-майынан 25-майга чейин адамдардын үйүндө бетме-бет маектешүү жолу менен сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 18ден жогорку жаштагы 1500гө жакын кыргызстандык катышкан.

“Бүгүнкү күндө биздин өлкө дуушар болгон эң олуттуу көйгөй кайсы?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 29% жумушсуздук, 28% баалардын кымбатташы, 14% коррупция деп жооп берген.

Сурамжылоого катышкандардын 78% Кыргызстан туура багытта баратканын белгилешкен. Бул көрсөткүч 2022-жылдын апрель айында 85% болчу. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG