Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Равшан Жээнбековдун жубайы операция болгону кабарланды


Салкынай Алимбаева
Салкынай Алимбаева

Оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 7-июлда шаардагы ооруканалардын биринде операция болгону кабарланды.

Бул маалыматты Алимбаеванын бир тууганы сиңдиси Алтынай Алимбаева "Азатыкка" 26-июлда ырастады.

"УКМКнын абагынан кансырап келген, ал жакта дарыгер жок экен. Салкынай мурда эле ооруп жүргөн. "Тез жардам" менен алып келдик. Операция 2,5 саатка созулуп, аябай оор өттү. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Азыр деле ооруканада жатат, бирок абалы орто", - деди Алтынай Алимбаева.

25-майда Алимбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Атайын кызмат ага козголгон иш боюнча азыркыга чейин маалымат бере элек.

Шектүүнүн адвокаты Разак Ашимбаевдин айтымында, ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлган. Жактоочу окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын буга тиешеси жок экенин билдирген. Алимбаева өзү да күнөөсү жок экенин айткан.

26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган, шаардык сот да бул чечимди күчүндө калтырган.

21-июлда Биринчи Май райондук соту Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узарткан.

Кийинчерээк Алимбаеванын абалы начарлап кеткени, аны медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө өтүнүч берилгени айтылган.

Алимбаеванын күйөөсү Равшан Жээнбеков азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталууда. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, бул иш азыр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG