Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

“Жаңы Тажикстан 2” сайты “экстремисттик” деп табылды


Тажикстандын Жогорку Cоту “Жаңы Тажикстан 2” маалыматтык сайтын “экстремисттик” деп таап, анын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз борбору билдирди. 26-июлда таратылган маалыматка ылайык, соттун чечими 21-июнда чыгарылган.

Андан тышкары, сайттын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары, басылмада иштеген авторлордун профилдери бөгөттөлдү.

“Жаңы Тажикстан 2” сайты бул өлкөдө тыюу салынган “Группа 24” оппозициялык кыймылына таандык.

14-июнда Жогорку Cот Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын экстремисттик деп таап, анын өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган. Бул чечим эл аралык уюмдардын сынына кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG