Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Кыргызстан санкциялык товарларды жашыруудабы?


Кош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган иллюстрация.
Кош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган иллюстрация.

OCCRP долбоору Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү жөнүндө маалымат берүү форматын өзгөртүп, “Орусияга экспорттолгон санкциялык товарларды жашырууда” деп жазды.

Иликтөөчү топтун мындай маалыматы АКШ кыргызстандык төрт ишкананы санкциялык тизмеге кошкон учурга дал келүүдө. Кыргызстандык Статистика комитети иликтөөчүлөрдүн версиясын четке кагып, соңку өзгөрүүнү маалымат берүүнүн форматы жөнөкөйлөштүрүлгөнү менен түшүндүрүүдө.

Кыргызстан санкциялык товарларды жашырып жатабы?

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” долбоору (OCCRP) АКШ санкция салган кыргызстандык компаниялар жөнүндө 22-июлда макала жарыялаган.

Анда иликтөөчүлөр Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү жөнүндө маалымат берүү форматынын өзгөртүлгөнүнө көңүл бурган.

OCCRP кыргыз бийлиги товар жүгүртүүдөгү статистикалык маалымат берүүнү өзгөртүү менен Орусияга жөнөтүлгөн санкциялык товарларды жашырууда деп белгилейт.

Иликтөөчүлөр тобунун маалыматында, Кыргызстан экспорттук статистикасында буга чейин товардык номенклатура же товардын түрлөрүн толук жазып, аны он орундуу код менен белгилечү. Бирок июнь айынан кийин жарыялаган маалыматтарда төрт орундуу код гана колдонулуп, товардын түрлөрү эмес, жалпы категориясы гана калганын байкашкан.

Тагыраак айтканда, эми экспорттун көрсөткүчтөрүн кылдат талдоо татаалдашып калгандыктан, "кара тизмеге" кирген товарды аныктоого болбойт.

OCCRP'нин журналисти Александра Ли мындай деди.

Александра Ли
Александра Ли

“Ал жакта сырткы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТН ВЭД ) 10 орундуу коду жок болуп калды. Бул код менен өлкөдө кайсы товар экспорттолгонун/импорттолгонун билүүгө болот. Биз “ТН ВЭДдин” төрт орундуу коду гана калганын байкадык. Бул товарлардын тобу болуп саналат. Тактап айтканда, азыр статистикадан Кыргызстан башка мамлекеттер менен кайсы товарларды сатканын жана алганын көрө албайсың. Ал ортодо мындай дагы бир учур болду. Биз санкциялык товарлар Кыргызстандан Орусияга кетип жатканын так көргөнбүз. Андан кийин экспорт боюнча январь-апрелдин жаңы маалыматы жарыяланып, анда ал маалымат жок болуп кеткен”, - деди Александра Ли.

OCCRP эми статистика боюнча товарлардын түрлөрүн аныктоо кыйын болуп калганын белгиледи. Мисалы, статистикалык маалыматтагы он орундуу 3603400001 саны - бул “детонациялоочу электрсиз капсюль” товарынын коду. Эми статистикада коддун алгачкы төрт саны - 3603 гана көрсөтүлөт. Анын ичине жогорудагы “детонациялоочу электрсиз капсюль” деген товар дагы кирет.

Андан сырткары бул 3603 деген коддун ичине “өрт тутантуучу зым”, “жардыруучу жабдыкка туташтырылган зым”, “электродетонатор” сыяктуу бир катар товарлардын түрлөрү камтылган. Демек, бир сөз менен айтканда, экспорттолгон товарлардын жалпы категориясы көрсөтүлгөн, бирок түрлөрү жок.

Улуттук статистика комитетинин жообу

Улуттук статистика комитетинин тышкы соода бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова OCCRP'ге берген комментарийинде товардагы он сандык коддун төрткө чейин кыскартылганын “оптимизация" менен байланыштырган.

“Биз колдонуучуларга анчалык деле маанилүү эмес суроо-талап экенин көрдүк дагы, убакытты үнөмдөөнү чечтик. Төрт орундуу белгидеги маалымат колдонуучуларды канааттандырат”, - деп айткан бөлүм башчы.

Ошондой эле Улуттук статистика комитети OCCRP'нин иликтөөчүлөрү шек санаган статистикадагы товардын коддору тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, маалымат берүү май айынан бери өзгөртүлгөнүн билдирди.

Кат түрүндө берилген билдирүүдө мекеме бул чечим товардык номенклатуранын 10 орундуу белгисине суроо талап азайгандыктан ушундай чечим кабыл алынганын маалымдады.

“Дүйнөлүк тажрыйба жана эл аралык нускамалар көрсөткөндөй, сырткы жана өз ара сооданын статистикалык маалыматтарын таратууда көбүнчө Сырткы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын төрт орундуу белгиси колдонулат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча OCCRP'нин макаласына Кыргызстандын тийиштүү башка мамлекеттик органдары комментарий бере элек.

"Кара тизмедеги" кыргызстандык компаниялар

Жакында эле АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салды. Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган. "Азаттык" буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган эле.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын маалымдады.

Амангелдиевдин билдиришинче, АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере элек.

Адатта "кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG