Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Бир катар тажик банктары "Юнистрим" аркылуу акча которууну чектеди


Generic -- Unistream logo
Generic -- Unistream logo

Тажикстанда бир катар ири банктар орусиялык "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну чектеди.

"Азаттыктын" тажик кызматы анда бул система аркылуу доллар жана евро жөнөтүү/алуу толугу менен токтогонун, бирок рублге мындай чектөө колдонулбаганын жазды.

Өлкөнүн Улуттук банкы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында АКШ аталган системага санкция салган жана мындан улам Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Өзбекстандагы бир катар банктар "Юнистрим" менен кызматташууну токтоткон.

Economist.kg басылмасы кызматташпай калган банктар арасында Кыргызстандагы "Компаньон", Finсa банк, "РСК Банк", "Халык Банк" жана "Капитал Банк" бар экенин жазган.

"Юнистрим" Орусиядан акча которуу боюнча белгилүү системалардын бири болгон жана дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө, анын ичинен Кыргызстанда колдонулуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG