Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Уран калдыктар маселеси: "Росатомдун" өкүлдөрү Жумгалда болду


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 26-июлда орусиялык "Росатом" ишканасынын өкүлдөрү менен Жумгал районунда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышты. Аталган министрликтин билдиришинче, анда “Туюк-Суудагы” уран калдыгын “Дальнее” сактоо жайына ташуудагы коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл бурулду.

"Бообек Ажикеев “Дальнее” сактоо жайынын абалын текшерип, жумушчулардан кабар алды, уран калдыктарын төгүү, көмүү эрежелеринин сактоо тууралуу сунуштарын берди. Жергиликтүү тургундарга эле эмес, коңшу айылдардын элине да зыяны тийбегендей иш-чаралар аткарылышы зарыл экенин эскертти. Учурда аталган министрликтин жана “Росатомдун" машиналары калдыктарды зыянсыздандыруу иштерин аткарып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Ушул айдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы уран калдыктарын көчүрүү маселелерине байланыштуу Жумгалда болгон. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда "Туюк-Суу" маселесин эл менен кеңешип, жергиликтүү тургундар арасында референдум жолу менен чечүүнү убада кылганын билдирген.

"Дальнее" сактоо жайына зыяндуу калдыктарды айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан, жергилиликтүү эл каршылыгын билдирген. Акылбек Жапаровго алар эгерде “Туюк-Суу" ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо, ал калктын саламаттыгына зыян келтирерин айтышты. Жапаров "бардык иштер мыйзам чегинде болорун жана эл кызыкчылыгы үчүн чечилиши керектигин” билдирди. Ал "Туюк-Сууну" көчүрүү маселесин мындагы жашоочулар арасында "референдум" сыяктуу жол аркылуу чечүү керектигин жана анын жыйынтыгы менен өкмөт бир чечимге келерин билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келет.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG