Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

ӨКМ июнь айынан бери 55 киши сууга чөккөнүн билдирди


Киров суу сактагычында издөө иштери. ӨКМ тараткан сүрөт.
Киров суу сактагычында издөө иштери. ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, ушул жылдын июнь айынан бери 55 киши сууга чөгүп мерт болду. Алардын 21и балдар. Былтыр ушул маалда 48 өлүм катталган, быйыл сууга чөгүп көз жумгандардын саны 18% өстү.

Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көбөйдү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашуун жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун, ошондуктан милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн кабарлаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү жайкы эс алуу мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и - он эки жашка чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG