Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Тайлаков “Яндекс.Таксинин” баасын жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков Кыргызстанда “Яндекс.Такси” кызматынын баасын жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын рыногуна кирген “Яндекс.Такси” 2023-жылдын башында гана каттоодон өттү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишкана расмий катталгандан кийин бир жыл талдоо жүргүзөт. Бул компаниянын кызмат көрсөтүүсү кымбат экени тууралуу арыздардан улам бааны жөнгө салуу боюнча “Яндекс.Таксинин” жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Бааны “Яндекс.Такси” өзү коёт. Аны мамлекет белгилеп бере албайт. Кыргызстанда андан башка дагы 4-5 ишкана бар. Атаандаштык бар. Мамлекеттин саясаты бизнести колдоо, коргоо жана өркүндөтүү да. Ошондуктан мыйзамдын чегинде иштерди алып барышыбыз керек. “Яндекс.Таксинин” чет жактагы жетекчилер менен видео байланыш менен сүйлөштүк”.

“Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдардан тышкары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын негизги кеңсеси Москвада жайгашкан.

Эл арасында ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар көп. 2021-жылы жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, “Яндекс.Такси” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG