Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Гепатитке каршы акысыз текшерүү жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргызстанда 18 жаштан өткөн адамдарды гепатиттин В жана С түрүнө каршы акысыз текшерүү башталганын билдирди.

Текшерүүдөн өтүү үчүн кыргызстандыктар жашаган аймагындагы жалпы дарыгердик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылышы керек.

Текшерүүдө В жана С гепатити аныкталбаса, 23 жаштан өткөндөргө акысыз эмдөө жасалат. Ал эми В же С вирустук гепатити аныкталгандар акысыз дарылануу үчүн медициналык уюмга катталып, бардык медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бериши керек.

Башка оорулар боюнча текшерилгендей эле, гепатиттен текшерилүү үчүн вирустук гепатитке кан тапшырардын алдында тамак ичпей ач карын баруу зарыл.

Май айында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Кыргызстанда быйыл январь-апрель айларында вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 учур катталганын кабарлаган.

Дарыгерлердин айтымында, гепатиттин С түрүнөн толугу менен айыгып кетсе болот, дарылоонун узактыгы үч же алты айга созулат. Ал үчүн дарылоонун шарттарын бекем сактап, дарыгердин айткандарын так аткаруу керек.

Өнөкөт В вирустук гепатитинен дарылоо узагыраак болот (бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу ыктымал, балким, өмүр бою дарыланууга туура келет).

Гепатиттин В түрү менен ооруган бейтап вируска каршы дарыланганда, анын ден соолугу жакшырат, дарылар боордун циррозунан жана рак оорусунан сактанууга жардам берет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган формалары кан аркылуу жугат.

28-июлда дүйнөдө гепатит менен күрөшүү күнү белгиленет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG