Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Изилдөө: Бишкектеги жашыл аймак жети жылда 479 гектарга кыскарды


2014-2021-жылдардагы Бишкектеги жашыл аймактын абалы
2014-2021-жылдардагы Бишкектеги жашыл аймактын абалы

Бишкектеги жашыл аймак 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектарга кыскаргандыгы аныкталды. Бул тууралуу "Арча демилгеси" коомдук фонду спутниктен алынган сүрөттөрдүн, жашыл аймакты таанып, аныктаган жасалма интеллекттин жана NDVI (Өсүмдүктөрдүн демейки, салыштырмалуу индекси) технологияларын колдонуп, жүргүзгөн изилдөөдө айтылды.

Аталган фонддун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский карт дарактарды курт жеп, илдетке чалдыгып жатканы аныкталганын билдирди.

"Бактарды өз убагында жаңыртып, көчөт отургузуу иши жүрбөй калды. Мисалы, Жаш Гвардия бульварында карт дарактарды курт жеп, илдетке чалдыгып жатканын аныктаганбыз. Аларды кыйып, ошол эле учурда жаңыларын отургузуу керек. Бирок анда бульвар такырайып, ысып, сейилдөөгө мүмкүн болбой калат. Бак отургузууну өз учурунда, такай жүргүзүп туруу керек болчу. Ал иш токтоп калганда, картаң бак-дарак көбөйдү. Азыр эми биринчи кезекте дарактарды инвентаризациялап, көп жыл мурун тигилгендерин аныктап, бак отургузууга милдеттүү муниципиалдык кызматтарга сунуш берилиши керек. Биздин фонд ыктыярчылар менен ушул ишти жасап жатат”.

"Бишкек суу чарбасынын" директору Радик Жумабек уулу суу тартыштыгын чечүү үчүн жаңы скважиналар керектигин айтууда. Анын айтымында, Аламүдүн дарыясындагы “Асанбай” каналынан жана Ала-Арча дарыясындагы “Киргизия” каналынан секундасына 800 литр суу агып жатат.

"Эң негизги биздин каналдардан: Ала-Арча, Аламүдүн дарыясынан, Чоң Чүй чыгыш каналынан азыр суу толук өлчөмдө келип жатат. Жер алдындагы сууларды, карамагыбызда турган 19 скважинаны кошумча сугат системасына кошуп, суу түтүктөрү менен жеткирүү ишин жүргүздүк. Жыл сайын жер алдындагы сууларды көтөрүп, скважиналарды көбөйтүп жатабыз. Жылдын аягына чейин алты скважинаны бургулоо иштери пландалган".

Миллиондон ашуун жашоочусу бар Бишкек шаарында ушул тапта болгону 250 миңдин тегерегиндеги гана бак-дарак бар. Бул ар төрт кишиге бир дарак туура келет дегенди билдирет. Бул шаардын жалпы аянтынын 10 пайызына да жетпейт. Жаан-чачын аз катталган жылдары бул көрсөткүч 5 пайызга чейин түшүп кетет.

Бишкекти жай мезгилинде адаттан тыш аптап каптаганы бак-дарактардын, сейил бактардын аздыгы менен түздөн түз байланыштуу. Изилдөөдө шаарда абанын температурасы 38 градус болсо, бак-дарак өскөн жерде 30, ал эми ачык, асфальт төшөлгөн жерде 48 градуска чейин жетерин көрсөткөн. (NBa/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG