Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Салык кызматы: “Жыйынды пост” системасы калыбына келтирилди


Кыргыз-казак чек арасы, архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы, архивдик сүрөт.

Салык кызматы чек арадагы өткөрмө бекеттерде колдонулган “Жыйынды пост” маалымат системасы калыбына келтирилгенин маалымдады.

Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, автоматташтырылган система 28-июлга караган түнү интернеттин өчүп калганын байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Интернет берилгенден кийин штаттык режимде иштеп жатат.

Мунун алдында Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде бир канча жүк ташыган машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турганын билдирген.

Узун тыгындын себебин “Жыйынды пост” системасынын ишинин үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүргөн.

"Жыйынды пост" системасы чек ара бекеттеринде Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин алкагында товарларды эсеп-кысапка алуу үчүн колдонулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG