Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

“Эркечтамда” Кыргызстандан Кытайга көмүр ташуу жеңилдейт


Эркечтам өткөрмө бекетинин Кытай тараптагы көрүнүшү.
Эркечтам өткөрмө бекетинин Кытай тараптагы көрүнүшү.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда Ош облусундагы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекетине барды. Басма сөз кызматынын билдиришинче, ал узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу менен таанышты.

Бул жолду куруу ушул жылдын май айында эки тараптуу макулдашууга кол коюлгандан кийин башталган. Анын алкагында узундугу 187 метрге жеткен эстакада көпүрө салуу, көмүр ташуу үчүн ленталык конвейер орнотуу каралган.

“Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык конвейер аркылуу жеткирүүгө жана өткөрмө бекетиндеги түйшүктү жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Андан улам чек ара аркылуу товардык жүктүн агымын олуттуу көбөйтүүгө болот. Буга байланыштуу Садыр Жапаров октябрга чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоону, кеңейтүүнү, кошумча тилкелерди курууну жана "Эркечтемдын” бажы инфратүзүмүн жакшыртууну тапшырды. Бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде, Кыргызстандан Кытайга көмүр экспортунун көлөмү көбөйгөндө чоң мааниге ээ болот”, - деп жазылан маалыматта.

Буга байланыштуу кошумча каражат бөлүнөрү айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта “Эркечтамдан” күнүгө эки тарапка 300дөн ашык машина каттап жатат. Өткөрмө бекет күн сайын 100 жүк ташуучу, 60 жеңил машинанын өтүшүнө ылайыкташкан. Мындан улам тыгын жаралган учурлар бар.

"Өткөрмө бекетте шарт жакшыргандан кийин күнүгө 1000 машинага чейин өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анткени жол көмүр ташыган машиналардан бошойт. Кыргызстандын бажы кампасынан көмүр Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Буга чейин парламентте кыргыз бажычыларынын айынан “Эркечтамдагы” машиналардын узун тыгыны пайда болгону тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Расмий органдар мунун себебин коңшу өлкөгө кирип-чыгып жаткан транспорттордун саны кескин өскөнү менен түшүндүргөн.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги ушул жылдын башынан тартып кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү кыйла жеңилдеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG