Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Түндүк Кореядагы аскердик парадга Орусиянын жана Кытайдын расмий өкүлдөрү катышты


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Кытайдын Коммунисттик партиясынын мүчөсү Ли Хонжонг Корей согушунун аякташынын 70 жылдыгына арналган парадга катышып жатат. Пхеньян. 27-июль, 2023-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Кытайдын Коммунисттик партиясынын мүчөсү Ли Хонжонг Корей согушунун аякташынын 70 жылдыгына арналган парадга катышып жатат. Пхеньян. 27-июль, 2023-жыл.

Өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү жаңы ракеталар менен дрондор көрсөтүлгөн аскердик парадга Ким Чен Ын менен биргеликте Кытайдын жана Орусиянын расмий өкүлдөрү катышты.

28-июлда өткөн иш-чара Корей согушунун аякташынын 70 жылдыгына арналган. Бул күн Түндүк Кореяда "Жеңиш күнү" катары белгиленет.

Парадга Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу барды. Бул Москванын жогорку деңгээлдеги аскерий өкүлүнүн 1991-жылдан берки Пхеньянга болгон биринчи сапары. Ал эми Кытай делегациясы коронавирус пандемиясы башталгандан бери Түндүк Кореяга алгачкы ирет барды.

Ким Шойгу менен бирге тамактануу учурунда орус элине тилектештигин билдирди.

Орусиянын коргоо министри Түндүк Кореянын армиясын "дүйнөдөгү эң күчтүү куралдуу күчтөр"деп атады.

Вашингтон Пхеньянды Орусияга Украинадагы согуштук аракеттерине колдонуу үчүн курал-жарак жеткирип жатканы үчүн айыптап келет. Мамдепартаменттин өкүлү Ведант Патель 27-июлда АКШ Москва менен Пхеньяндын ортосундагы алаканын бекемделип жатышына тынчсызданганын билдирди.

Түндүк Корея - Орусия жана Сирия менен катар былтыр күздө Украинанын төрт облусунун аннексиясын тааныган өлкө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG