Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

“Ош айланма” жолун курууда 2,6 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү “Ош айланма” автожолунун беш чакырымына (“Т түрүндөгү” кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальт төшөөдө коррупция аныкталганын билдирди.

Жыйынтыгында мамлекетке 2 млн. 683 миң сом зыян келтирилген.

Мекеме бул факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызматтагы жасалмалоо” беренелери менен иш козгоду.

Тергөөнүн жүрүшүндө №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери (М.М.) кармалды.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана дагы бир жеке ишкананын кызматкерлери 2021 жана 2023-жылы аткарылбаган иштерди бүттү деп кабыл алганы жана төшөлгөн асфальтты жогору баада көрсөткөнү аныкталган. Иш сапатсыз аткарылгандыктан, айрым жерлердеги жолго төшөлгөн катмар бузулуп калган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG