Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

"Дордойго" бомба коюлду деген маалымат текшерилүүдө


"Дордой" базары. Иллюстрациялык сүрөт.
"Дордой" базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 29-июлда саат 10:12де Бишкек шаарындагы “Дордой” жана анын аймагында жайгашкан “Алкан” базарларына бомба коюлганы боюнча маалымат түшкөн.

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, базардагы соодагерлер менен кардарлар сыртка чыгарылды.

Райондук ички иштер башкармалыктын ыкчам-тергөө тобу базардын аймагын курчоого алып, учурда Ички иштер министрлигинин кинологдору иштеп жатат.

21-июлда да “Алкан” базарына жардыргыч зат коюлганы боюнча маалымат түшүп, соодагерлер жана кардарлар чыгарылып, кинологдор менен саперлор издөө иштерин жүргүзгөн. Кийин шаардык милиция түшкөн маалымат ырасталбаганын билдирген.

"Бомба" тууралуу жалган маалыматтар буга чейин дагы бир нече жолу катталган. 17-июлда Бишкектеги "Чынар" соода борборунда жана "Бахчай" кафесинде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, аныкталган эмес.

Бишкекте апрелде жана майда бир нече жолу бир катар мектептерге, жогорку окуу жайларынын имараттарына бомба коюлганы айтылып, бирок маалымат жалган болуп чыккан.

28-июлда УКМК Бишкектеги мектептерге жардыргыч зат коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шек саналган 9-класстын окуучусу кармалганын билдирди. Ага чейин Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну да ушундай айып менен кармалганын маалымдалган. 20-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген жаранды алты айга камаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG