Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Евробиримдик орусиялык беш компанияга санкция салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик Орусиянын беш компаниясын жана жети жаранын "кара тизмеге" киргизди. Бул тууралуу биримдиктин расмий журналына жарыяланды. Евробиримдик бул уюмдар жана аларга байланыштуу кишилер Орусиянын Украинага кол салышын колдогон туура эмес маалыматтарды таратып жана пропагандалап жүргөн деп белгилейт.

"Кара тизмеге" Орус диаспорасы институту, "Диалог", "Инфорос" маалымат агенттиги, Социалдык долбоорлоо агенттиги, "ГК Структура" ишканасы, ошондой эле бул уюмдардын жетекчилери, бөлүм башчылары кирген. Алардын ичинде Тимофей Васильев, Илья Гамбачидзе, Александр Старунский, Анастасия Кириллова,Нина Дорохова, Сергей Пантелеев жана Денис Тюрин бар.

Евробиримдиктин маалыматына караганда, "Инфорос" Украинадагы согушту колдогон 270тен ашуун басылмаларды негиздеген. 2020-жылы эле Associated Press аталган компания коронавирус инфекциясы тууралуу фейк маалыматтарды жазганын билдирген. Орус диаспорасы институту "жалган маалыматтарды таратканы" үчүн кара тизмеге киргизилгени айтылат.

"Бул жаңы тизме аркылуу биз алар маалымат айдыңын кандай максатта пайдаланып жана бурмалап жатканын билерибизди ишарат кылып, катуу коңгуроо кагып жатабыз. Биз чечкиндүү түрдө мындай коркунучтарды алдын алууга, каршы турууга жана жаңы инструменттердин жардамы менен натыйжалуу жооп кайтарууга толук даярбыз", - деп билдирди Евробиримдиктин башчысы Жозеп Боррель.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Ошол күндөн тарта АКШ жана Евробиримдик согушка тиешеси бар же колдоого алган Орусиянын жүздөгөн ишканаларын жана жарандарын "кара тизмеге" киргизген. Өткөн айда Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 11-айлампасы күчүнө кирген. "Кара тизмеге" Орусияны колдогон 87 компания, анын ичинде Москвага дрондорду жеткирген төрт ирандык ишкана да кирген. Андан тышкары, Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардамдашкан Армения, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Өзбекстандын компаниялары да чектөөгө кабылган.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

"Кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG