Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Пакистанда митингде жанкечтинин кол салуусунан 40 адам набыт болду


Кол салуу Ооганстан менен чектеш Бажаур аймагындагы Хар шаарында "Ислам улем жамааты" диний партиясынын тарапкерлери чогулган учурда болгон.
Кол салуу Ооганстан менен чектеш Бажаур аймагындагы Хар шаарында "Ислам улем жамааты" диний партиясынын тарапкерлери чогулган учурда болгон.

Пакистандын түндүк-батышындагы саясий митингде жанкечтинин бомба жардыруусунан бери дегенде 40 адам мерт болуп, дагы 200дөйү жараат алды.

Кол салуу Ооганстан менен чектеш Бажаур аймагындагы Хар шаарында "Ислам улем жамааты" диний партиясынын тарапкерлери чогулган учурда болгон. Ага чейин бул аймакты ашынган динчил "Техрик-е-Талибан" кыймылы байырлап турган. Акыркы жылдары өкмөттүк күчтөр бул регионго көзөмөлдү күчөткөн.

Полициянын маалыматына караганда, жанкечти аталган партиянын лидерлери сүйлөп жатканда өзүн жардырып жиберген. Партия башчылары жабыркаган эмес. Бул кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.

"Террактты" Пакистандын дагы, Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы дагы айыптады. "Аль-Жазиранын" билдиришинче, кол салууну пакистандык "Талибан" кыймылы уюштурган болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

"Ислам улем жамааты" исламчыл партия болсо да, алар өкмөт менен кызматташып келет.

Пакистанда саясий митингдер маалында "террактар" буга чейин деле болуп келген, бирок соңку окуяда адамдар көп набыт болуп, жараат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG