Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Кара-Сууда трикотаж кийим, кездеме токуган фабрикалар ачылат


Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда токулма кездеме, кийим чыгаруучу жана жип ийрүүчү фабрикалар жайгашкан индустриалдык-логистикалык парк ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына Жапаров Оштогу иш сапары маалында "ЕврАзия Групп" паркын куруу иштери менен таанышканын жазды. Парктын аянты беш гектар экени, аны жеке инвесторлорго колдоо көрсөтүү максатында сынак негизде мамлекет бергенин билдирди. Токулган кийим жана кездемелер негизинен экспортко ылайыкташарын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70 %га аяктап калды. Ушул жылдын төртүнчү кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши болжолдонуп жатат. Долбоор 2,6 миллион АКШ долларына бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат. Токулма кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын төртүнчү кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Баасы 18 миллион долларды түзөт. Өндүрүш кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын үчүнчү кварталынан тарта иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион долларды түзөт, - деп жады Султанбаев.

Султанбаев жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн кошумча жер бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырылганын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG