Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Облустук сот Искаковду, Балбаевди жана Бекболотовду камакта калтырды


Чүйдөгү таза суу талап кылган акцияда кармалгандардын бири Эртай Искаков сотко алып келинген учур. 17-июль, 2023-жыл.
Чүйдөгү таза суу талап кылган акцияда кармалгандардын бири Эртай Искаков сотко алып келинген учур. 17-июль, 2023-жыл.

1-августта Чүй облустук соту таза суу талап кылган акцияга байланыштуу кармалган Эртай Искаковдун, Бакыт Балбаевдин жана Бактыбек Бекболотовдун апелляциялык арызын карап, аларды камакта калтырган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” соттук отурумга катышкан кабарчысы билдирди.

Бир топ убакыт суудан мукураган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон.

Сокулук райондук соту 17-июлда алардын бөгөт чарасын карап, үчөөн тең эки айга тергөө абагына камакка алган. Мындан кийин алар чечимге байланыштуу Чүй облустук сотуна даттанышкан.

Балбаев менен Бекболотовго байланыштуу өкүм түнкү саат 12де чыккан, бирок ага 1,5 саат калганда Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов журналисттерге эки жарандын эки айга камалганын билдирген. Мындан улам айыпталуучулардын адвокаттары сот чечиминин адилеттүүлүгүнөн күмөн санашкан жана бул жагдай талаш-талкуу жараткан. Бул окуяга байланыштуу Байгазинов алгач сөгүш алып, кийин өз арызы менен иштен кеткен.

Айыпталгандардын тарапташтары, жакындары коюлган айыптарды четке кагып, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып жатышат. Адвокаттар аталган берене оор кылмыш болуп эсептелбей турганын, кармалгандар бошотулушу керектигин билдиришкен. Конуштардын тургундары камактагыларды бошотууну талап кылган жыйынга чогулуп, президентке кайрылуу жолдошкон.

Бишкектин жака-белиндеги Селекция, Орок айылдарында, Сары-Өзөн, Арча-Бешик, Ынтымак, Ак-Ордо жана башка конуштарда бир нече жылдан бери жайында таза суу тартыштыгы курч маселе бойдон калууда. Май-июнь айларынан тартып Бишкек шаарынын өзүндө да бир катар райондордо таза суу чыкпай калып жатат, кээ күндөрү таптакыр токтоп калып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG