Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Ак-Сууда судья бошоткон кылмышка шектүү кайра кармалды


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда зордуктоого шек саналган Б.Р.Б аттуу адамдын айыбы өзгөртүлүп, тергөө бүткөнгө чейин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, шектүүнүн аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин зордуктоо, өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу беренелерине которулган (154-берене 3-пункт).

"Б.Р.Б.га карата колдонулган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлүп, ал 27-сентябрга чейин камакка алынды", - деп жазылган облустук соттун маалыматында.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Ак-Суу районунун тургунуна кошунасы кол көтөрүп, зордуктаганын жазган. Кылмышка шектүү райондук соттун судьясынын чечими менен үй камагына чыкканы белгиленген.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 1-августта коомчулуктун талкуусуна түшкөн бул окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөргөн. Жыйынтыгында зордуктоого шек саналган адамды үй камагына чыгарган райондук соттун судьясы Абдисалам Мойдунов арыз жазып, кызматтан кеткен. Анын арызы Соттор кеңешине жөнөтүлдү.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

Укук коргоочулар бул катталган жана кылмыш иши козголгон гана иштер экенин белгилеп, сексуалдык ыдыкка жана зордуктоого кабылган аялдар милицияга кайрылууну каалабай турганын айтып келет. Жакында эле Жалал-Абадда 36 жаштагы келинди зордуктоого шектүү мурдагы милиция кызматкерин сот үй камагына чы​гарып жибергени нааразылык жараткан.

Кыргызстанда зордуктоого дуушар болгондордун укугу корголбой жатканы, аларга укук коргоо органдарынын орой мамиле жасаганы тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG