Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Иркутскиде тажик мигранттарынын жатаканасына өрт койгондор акталды


Иркусткиде жатаканага коюлган өрттөн жабыркаган мигранттар.
Иркусткиде жатаканага коюлган өрттөн жабыркаган мигранттар.

Иркустк шаардык соту тажик мигранттары жашаган вагонго өрт коюуга айыпталган бир полиция кызматкери менен үч жергиликтүү тургунду актаган өкүм чыгарды.

2021-жылы болгон окуяда эки тажикстандыктын өмүрү кыйылган. Жабыркагандардын туугандары "Озоди" радиосуна маалымдагандай, сот айыпталуучуларды толугу менен күнөөсүз деп таап, сот залынан бошоткон.

2021-жылдын ноябрь айында Иркутскидеги Залари айылынын тургундары жети тажикстандык мигрант жашаган вагонго өрт коюшкан. Натыйжада 21 жаштагы Насимжони Сайдали жана 19 жаштагы Сирожиддин Гулзода каза болгон. Окуядан кийин аман калган төрт мигрант камалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар жергиликтүүлөр менен мушташып, анын жыйынтыгында ушул окуя болгон.

Камалган төрт тажикстандыктын иши ушул күнгө чейин иликтенип жатат. Аларга "бейбаштык" жана "адам өмүрүнө кол салуу" беренелеринин негизинде айып тагылган. Кийин тажик бийлиги нааразылык билдиргенден кийин Иркутскинин прокуратурасы бир полиция кызматкерине жана үч жергиликтүү тургунга кылмыш ишин козгогон.

Маркум мигранттардын туугандары Иркустки сотунун өкүмүн айыптап, орус сотунун адилетсиздигинин жана башка улуттарды басмырлоосунун анык далили деп аташты.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги соттун өкүмү тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG