Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Жыргалаңдагы көмүр кени ишке киргизилди


Жыргалаң көмүр кени. 3-август. 2023
Жыргалаң көмүр кени. 3-август. 2023

12 жылдан бери токтоп турган Жыргалаң көмүр кени иштей баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кендин иши менен таанышты. Ал аталган көмүр кени Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кыларын белгиледи.

"Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деген Жапаров.

Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет.

Жыргалаңда "Дөргө Көмүр" жана "Шахты Жыргалаң" эки ишканасы бар. Экөө тең жеке компания. "Шахты Жыргалаң" кенинде көмүр запасы 20 миллион тоннага жакын болсо, "Дөргө Көмүрдө" 4 миллион тонна кара алтын запасы бар.

Жыргалаңдагы көмүр кени жер алдында болгондуктан, көмүр казып алуу кооптуу болуп калган.
Буга чейин техника сатып алуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган.

Жыргалаң шахтасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Өткөн жылдары ал жерде "Шахты Жыргалаң" ишканасы иштеген. Юстиция министрлигиндеги маалыматка таянсак, аталган фирманын директору Байсаков Нарынбек. Ал эми анын орун басары, ачык булактардан алынган маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров болгон. Сабыр Жапаров учурда бул кызматта иштеп жатабы же жокпу, азырынча белгисиз. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG