Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Дональд Трамп жаңы тагылган айыптар боюнча Вашингтон сотуна барат


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Флорида. 26-февраль, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Флорида. 26-февраль, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

Кошмо Штаттардын экс-президенти Дональд Трамп ага жаңы тагылган айыптар боюнча 3-августта Вашингтон сотуна барары күтүлүп жатат. Соттун имаратынын тегерек-четинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

1-августа Юстиция министрлигинин атайын кеңешчиси Жек Смит Трампка төрт баскычтан турган жаңы айыптарды таккан. Анын ичинде Трамп президент Жо Байдендин жеңишин Конгрессте тастыктоого жол бербөө үчүн кутумга аралашканы тууралуу айыптоо бар. Кутумдун максаты “президенттик шайлоодо жыйналуу, эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын сертификациялоону бузуу” болгону айтылат.

45 барактан турган айыптоо корутундусунда белгиленгендей, Трамп добуштарды эсептөөдө атайылап туура эмес маалыматты колдонуп, бир нече штаттарда расмий адамдарга басым көрсөткөн. Ал ошондой эле вице-президент Майк Пенсти бир нече штатта тандоочулардын добушун тааныбоого ишендирүүгө аракет кылган.

Дональд Трамптын шайлоо штабы жаңы айыптоолорду “Башкы прокуратуранын шайлоо процессине таасир этүү аракети” деп атады.

2021-жылдын 6-январында Трамп катышкан митингден кийин анын тарапкерлери АКШнын Капитолийине басып кирген. Алар Конгресстин Байдендин жеңишин бекитишине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы ачылган үчүнчү жана эң олуттуу кылмыш иши.

Дональд Трампка мындан сырткары “улуттук коопсуздукка байланыштуу документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан” деген айып тагылган. Андан тышкары порнографиялык актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн 130 миң доллар төлөгөн деп айыпталган.

Дональд Трамп АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG