Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

АКШ: Трамптын башына чындап кара булут айланабы?


АКШнын 45-президенти Дональд Трамп.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын тарыхында экс-президентке биринчи жолу федералдык айып тагылууда. Дональд Трампка "жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаганы үчүн" кине тагылды. Трамп күнөөсү жок экенин айтып, президент Байденди "саясий кызыкчылыктан улам аны куугунтуктап" жатканы үчүн айыптады. Буга чейин дагы чуулгандуу иштерге кириптер болгон экс-президентке тагылган айып анын президенттик шайлоо өнөктүгүн жүргүүзүсүнө таасир эте албайт.

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп кийинки шейшембиде Майаминин федералдык сотуна келүүгө милдеттүү. Прокурорлор эмне кине коюп жатканы азырынча толук белгисиз. Америкалык медиа кабарлагандай, экс-президентке жети кылмыш иши, анын ичинде Ак үйдөн кеткенден кийин "жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз сактаган" деген айып тагылууда.

Ушул тапта шайлоо өнөктүгүндө жүргөн Трамп бейшембиде социалдык медиага жарыялаган видеосун президент Байдендин администрациясына багыттады.

"Менде айып жок, менде күнөө жок. Биздин өлкө тозокко тоголонуп баратат. Алар Дональд Трампты куугунтуктап, Юстиция министрлигин, ФБРди куралдандырып жатат…", - деди Трамп. Ал ошондой эле учурдагы кызматтагы президентке байланыштуу дагы бир канча даректен жашыруун документтер чыкканын эске салды.

Былтыр августта Трамптын Палм-Бичтеги үйүндө «жашыруун» деген гриф коюлган 100дөй документ табылган. Прокурорлор 2021-жылы 45-президент Ак үйдөн кетип жатканда документтерди мыйзамсыз жок кылганбы же жокпу, ал өзү же башкалар федералдык иликтөөгө бөгөт койгон-койбогонун иликтешти.

АКШнын мыйзамы президент баштаган федералдык кызматкерлерге жашыруун документтерди мерчемделбеген жерде жок кылууга жана сактоого тыюу салат.

Жума күнү журналисттер президент Жо Байденден бул иш канчалык калыс жана көз карандысыз жүргүзүлүп жатканын сурашты. "Мен Юстиция министрлигине айып тагуу же такпоо тууралуу бир да жолу ооз ачкан жокмун. Мен акмын" - деди Байден.

Сот иштери менен шайлоо өнөктүгү

Трампка айып тагылары маалым болгондон кийин Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти баштаган республикачылар, миллиардер Илон Маск Твиттерде Трампка колдоо көрсөтүштү.

Ал 2024-жылы болчу президенттик шайлоого ат салышуу үчүн өнөктүктү баштаган. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса эркинен ажытылышы мүмкүн. Эксперттер белгилегендей, соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда анын шайлоо өнөктүгүнө катышуусуна эч нерсе тоскоолдук кыла албайт жана чуулгандуу иштер аны колдогондордун маанайына таасир этпеши да мүмкүн.

Хофстра университетинин профессору Жеймс Сэмпл буга чейин экс-президентке айып тагылганда ага жан тарткандар көбөйгөнүн белгилейт. "Соңку эки жылда биз көргөндөй, адаттагы эрежелер, саясий божомолдор Дональд Трампка туура келбеген сыяктуу" - деди америкалык профессор.

76 жаштагы Трамп ушул тапта башка дагы сот иштерине кириптер болууда.

9-майда арачылар соту экс-президентти сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп тапты. Сот Трампты журналист жана жазуучу Жин Кэрроллго беш миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирген. 79 жаштагы Кэролл сотко төрт жыл мурун арыз жазып, 1996-жылы Нью-Йорктогу дүкөндөрдүн биринде Трамп аны зордуктаганын билдирген.

Экс-президент Нью-Йорктогу сотто 34 пункттан турган айыптардын баарын четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп сыпаттаган. Бул иш боюнча кийинки отурум 4-декабрга дайындалды.

31-мартта Манхэттендеги арачылар соту Трампка айып тагуу чечимин колдоп, өлкөнүн саясий тарыхында кылмыш иш ачылып жаткан алгачкы экс-президент болду. Ал порнографиялык актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн 130 миң доллар төлөгөн деп айыпталган. Иштин материалдарына ылайык, окуя 2016-жылкы президенттик шайлоо алдында болгон. Бул боюнча сот уланууда.

Трамп Ак Үйдөн чыгып кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG