Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Бекназаров Байсаловдун Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар тууралуу айтканына жооп берди


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун “Азаттык” радиосундагы интервьюсунда айткан сөздөрүнө жооп берди. Мурдагы башкы прокурор бул тууралуу пикирлерин радиого жолдогон атайын кайрылуусунда билдирди.

Эдил Байсалов 28-июлдагы маегинде Кемпир-Абад ишинин алкагында камакка алынгандар тууралуу да суроого жооп берип, камактагы саясатчылар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров жана башкалардын ысымдарын атап өткөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары “алар суу сактагычтын жерин шылтоо кылып, бийликти алмаштыргысы келгенин, анысы ишке ашпай калганын” кеп кылган. Байсалов “камактагылардын Батыш өлкөлөрүнө кат жазып, кыргыз бийлигине санкция салууну өтүнүп, кат жазып жатканын” туура эмес көрүнүш катары мүнөздөгөн.

Азимбек Бекназаров муну менен Эдил Байсалов камактагыларды төңкөрүш жасоого айыптаганын белгилеп, реалдуулукта алардын мындай максаты болбогонун, аны тергөө ырастай албай койгонун жазган. Ал “тескерисинче азыркы бийлик өзү 2020-жылкы Октябрь окуяларынан соң бийликти тартып алды” деп айыптайт.

Ошол эле маалда Бекназаров өкмөт өкүлү аларды “чыккынчыларга теңеди” деп эсептеп, анын өзүн сынга алган. Саясатчы ошондой эле Кыргызстан эл аралык укуктук актыларды сактабаса, чет өлкөлөрдүн алдында алган милдеттемелерин аткарбаса, санкцияларга кабыларын айткан. Бекназаров ушул жагдайды эске алып, алардын сөзүн эч ким укпаган соң камактагылар эл аралык уюмдарга кайрылып жатканын белгилеген.

“Биз Кемпир-Абад маселеси боюнча Конституцияда бекитилген, президент кепил болгон сөз, ой, пикир укуктарыбызды колдонгонубуз үчүн эле, саясий туткунга айланганыбыз тууралуу оболу президентибизден тартып, Жогорку Кеңеш, сот, прокуратура, Акыйкатчы, бардык органдарга арыз, кайрылуулар менен чыктык. Бирөөсүнөн да ушул күнгө чейин расмий жооп ала албадык. Азыр болсо сот эки жолу жабык отурум өткөрүп, “ишиңер жабык каралат” деп чечим чыгарып коюп, бир жарым айдан бери эмгек өргүүдө жүрөт имиш. Биз жөн эле камалып жатабыз? Ушул кайсы мыйзамда, кайсы салтта бар? Бул жөн гана адамды кыйноо болот”, – деп жазган Азимбек Бекназаров өз кайрылуусунда.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй анын мүчөлөрү, аларга тилектештер адамдар кармалган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу Кыргызстанда баш-аягы 27 адам кармалган. Алардын ичинен мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Марат Баязов, Илгиз Сарылдык уулу, Темир Махмудов, Талас облусунун мурдагы жетекчиси Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Бектур Асанов, журналисттер Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камакта. Калган 13 киши ар кандай жагдайда үй камагына чыгышкан.

Укук коргоо органдары жапырт кармалган оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлерди “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат. Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG