Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:44

Нигердин президенти эл аралык коомчулуктан жардам сурады


Нигердин мыйзамдуу президенти Мохамел Базум Париждеги саммитте сүйлөп жатат. 22-июнь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Нигердин мыйзамдуу президенти Мохамел Базум Париждеги саммитте сүйлөп жатат. 22-июнь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Нигердин демократиялык жол менен шайланган президенти Мохамед Базум АКШ өкмөтүнө жана "эл аралык коомчулукка" кайрылып, өлкөдө конституциялык тартипти орнотууга көмөктөшүүгө чакырды.

Бул тууралуу 3-августта Washington Post басылмасында жарыяланган Базумдун атайын билдирүүсүндө жазылган. Анда эгер Базумду бийликтен кулатуу ишке ашса, мунун кедергиси бир гана Нигер эмес, жалпы аймакка жана дүйнөгө тиерин эскерткен.

Мохамед Базум эки жыл мурда өлкө тарыхында алгачкы жолу болгон бийликти тынч өткөрүү жараянынын жыйынтыгында шайланып, мамлекет башына келген. Ал эгер козголоңчулар бийликте калса чөлкөм толугу менен Орусиянын, тактап айтканда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын таасиринде каларын эскертти.

Базум Нигердеги кырдаалды "Боко Харам" сыяктуу террордук топтор өз пайдасына колдонушу мүмкүн деп кооптонторун айткан

27-июлда африкалык өлкөдөгү козголоңчулар мамлекет башчы кызматынан четтетилгенин, коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын жарыялаган.

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти катары жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG