Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Новороссийск портуна жасалган соккудан орус десанттык кемеси жабыркады


Новороссийск портундагы "Оленегорский горняк" десанттык кемеси. Архивдеги сүрөт.
Новороссийск портундагы "Оленегорский горняк" десанттык кемеси. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 4-августта Новороссийск портуна экипажсыз эки катер чабуул жасаганын билдирди.

Мекеме кол салуу артында Украина турганын айтып, дрондор жок кылынганын кошумчалады.

Ал арада "Украинская правда" басылмасы Коопсуздук кызматтарына шилтеме жасап, чабуулда порттогу "Оленегорский горняк" десанттык кемесине сокку урулганын жазды. Редакция соккунун видеосун дагы жарыялады.

Коргоо министрлиги Новороссийскиден тышкары учкучсуз аппараттардын чабуулуна аннексияланган Крымдагы обьектилер да кабылганын билдирди. Дрондордун баары зыян келтире электе абадан жок кылынганы кабарланды.

Адатта расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга реакция жасабайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG