Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

БУУ Навальныйдын сотуна тыкыр көз салып жатканын билдирди


Видеобайланыш аркылуу сотко катышып жаткан орус оппозицячыл саясатчысы, түрмөдө отурган Алексей Навальный. Москва, 24-май, 2023-жыл.
Видеобайланыш аркылуу сотко катышып жаткан орус оппозицячыл саясатчысы, түрмөдө отурган Алексей Навальный. Москва, 24-май, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссариаты орус оппозициячыл саясатчысы, түрмөдө отурган Алексей Навальныйдын сотуна тыкыр көз салып жатканын билдирди.

Тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан Навальныйга "Экстремизм" боюнча жаңы айып тагылып, прокуратура аны дагы 20 жылга кесүүнү соттон өтүнгөн.

Бул иш боюнча сот өкүмү 4-августта чыгары күтүлүүдө.

"Эсиңерде болсо, Навальный 2021-жылы мурдагы шарттуу жаза мөөнөтүн бузганы үчүн кесилгенде дагы биз тынчсыздануубузду билдиргенбиз. Адам укуктары боюнча Европа соту бул чечимди адилетсиз жана акылга сыйбайт деп тааныган. Биз бул ишке дыкат көңүл буруп жатабыз", - деди Эл аралык уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын өкүлү Жереми Лоуренс.

Навальный 3-августта өз тарапташтары аркылуу тараткан кайрылуусунда сот аны "сталиндик мөөнөткө" кесерин боолгоду.

"Эсептин формуласы эң жөнөкөй. Прокурор сураган мөөнөттүн 10-15% кыскартып коюшат. 20 жыл сурашты, 18 жылдай берет", - деген Навальный муну менен бийлик анын тарапташтарын коркутууну көздөп жатканын кошумчалады.

Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

"Экстремизм" тууралуу айып анын фондуна байланыштуу тагылган.

Саясатчынын "Коррупцияга каршы фонду" 2021-жылы экстремисттик деп табылып, анын ишмердигине тыюу салынган. Тергөө Навальныйды "террордук жамаат түптөгөн" деп айыптап жатат.

Навальный 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон.

XS
SM
MD
LG